"Кыргыз көмүр" ишканасы Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткирилгенин билдирди.
Ишкана ошондой эле "Кыргыз көмүрдүн" башкы директору Кайрат Маматов жумушчу иш сапары менен Нарын облусунда болгонун белгиледи.
Ал Кара-Кечеде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн көзөмөлдөп, калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин текшерген.
Белгилей кетсек, Нарын облусунда суук катуу болуп жатканы айтылууда.