Биз социалдык тармакта

Бишкекте жабык кече өткөрүлгөн жайга жана анын катышуучуларына айып салынды

Бишкек милициясы жабык кече уюштурулган жайга жана анын катышуучуларына айып пул салды.

Билдирүүгө ылайык, 6-январда милицияга борбор калаанын аймагында бир топ адамдар жабык жеке кечелерди уюштуруп, андан кийин фото жана видео материалдарды Instagram, Telegram каналдарынын биринде ачык жайгаштырып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Бишкек ШИИББинин маалыматтык электрондук журналына катталган.

"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө аталган иш-чаралар жабык мүнөздө болуп, алдын ала ойлонулган схема боюнча уюштурулганы аныкталган. Кечелер өткөрүлгөн жайлар ар бир жолу алмаштырылып турган, анткени алар алдын ала ижарага алынган имараттарда өткөрүлгөн.

23 жаштагы, 29 жаштагы жигиттерге, 26 жана 24 жаштагы эки кызга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 109-беренеси ("Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди таратуу") боюнча административдик протоколдор түзүлүп, 10 миң сомдон айып пул салынды",- деп билдирди мекеме.

Мындан тышкары, аталган жабык иш-чаралар өткөрүлгөн жайлардын биринин ишмердүүлүгү токтотулду. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 109-беренесине ылайык айып пул салынды.




Бишкекте жабык кече өткөргөндөр аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
handriel
2026-01-13 12:43:00
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан