*Мындан 56 жыл мурун, тактап айтканда 1958-жылдын 22-январында Касым Тыныстанов күнөөлөрүнөн толук акталган. 1938-жылы Касым Тыныстановго “улутчул” деген күнөө коюлуп, ошол жылдын 7-ноябрында атылган. Кийин 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскер соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. Ал эми 1958-жылы партиялык жактан толук акталган.
*45 жыл мурун Советтик Армиянын кичи лейтенанты Виктор Ильин Брежневдин өмүрүнө кол салууга аракет кылган. 1969-жылдын 22-январында Леонид Брежнев космонавттар менен жолукмак. Бирок Виктор Ильин ок чыгарган унаада Брежнев болгон эмес.*Мындан 13 жыл мурун, тактап айтканда 2001-жылдын дал ушул күнү “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов 7 жылга эркинен ажыратылган. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылган. 2005-жылы абактан чыгарылып, толук акталган.