Бүгүн, 14-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында жер көчкү түштү.
ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, министрликтин кызматкерлери окуя болгон жерге маалыматты тактоо үчүн жөнөп кетишти.
Ал эми жерине ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин 3 кызматкери, 1 офицер, ошондой эле айыл аймактан 1 кызматкер тартылган.
Көчкүнүн көлөмү, кооптуулугу жана башка маалыматтарды тактоо иштери жүрүүдө.