Биз социалдык тармакта

Жолдогу чырда тапанча көтөрүп, башка айдоочуну коркуткан дагы бир окуя катталды (видео)

Бишкекте жолдогу чырда тапанча көтөрүп айдоочуну коркуткан дагы бир окуя катталды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, окуя бүгүн, 14-январда эртең менен Жибек жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Анда белгисиз эркек адам башка айдоочу менен чыр-чатакка барып, тапанча менен коркутуу аракеттерин жасап, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.

Аталган окуяга тиешеси бар адамдын өздүгүн жана жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен анын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, буга чейин 1990-жылы туулган шектүү башка айдоочуну тапанча менен коркутуп, кармалган.

Жолдогу чырда тапанча көтөрүп, башка айдоочуну коркуткан дагы бир учур катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан