Интернет желесинде АКШнын президенти Дональд Трамптын ортонку манжасын көрсөткөн видео тарап жатат.
Чет элдик басылмалар окуя Трамп Ford заводуна барганда болгонун жазып чыгышты. Анда Ак үйдүн башчысы өзүнө карата айтылган жагымсыз комментарийге жооп кылган.
Ал жерде америкалык лидерге "педофилдердин коргоочусу" деген сөз айтылганы белгиленүүдө. Маалымат каражаттары айтылган сөздү АКШ президентинин Эпштейн менен болгон мамилесине байланыштырышууда.