АКШ, Дания жана Гренландия ортосундагы пикир келишпестиктерди жөнгө салуу максатында жогорку деңгээлдеги жумушчу топ түзүлөт. Бул тууралуу Financial Times басылмасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лекке Расмуссен Дания менен Гренландия үчүн “кызыл сызыктар” бар экенин белгилеп, ошол эле учурда Вашингтонго аралда кошумча аскердик базаларды ачуу мүмкүнчүлүгү сунушталганын айтты.
Анын айтымында, жумушчу топ алгачкы жыйынын жакынкы бир нече жуманын ичинде өткөрүп, тараптардын позицияларынын ортосунда компромисс табууга аракет кылат.
Буга чейин Расмуссен Дания менен АКШнын сүйлөшүүлөрүндө Гренландия маселеси боюнча олуттуу пикир айырмачылыктар бар экени аныкталганын билдирген.