Ош шаарынын мэриясы Мамыров көчөсүндө жаңы эс алуу жайы курулуп жатканын билдирди.
Калаа бийлиги эс алуу жайы Касиет тойканасынан тартып, Осмонов көчөсүнө чейинки аймактын бир тарабына салынарын белгилеп, ал аймакта буга чейин мыйзамсыз жайгашкан унаа тетиктерин саткан жайлар жана бир катар соода түйүндөрү болгонун тактады.
"Учурда алар толугу менен алынып, ордуна жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар салынууда. Мындан тышкары аймак жашылдандырылып, арча көчөттөрү отургузулуп, түнкү жарыктандыруучу чырактар жана эс алуучулар үчүн отургучтар орнотулууда", - деп айтылат маалыматта.