Европа өлкөлөрүнөн алгачкы аскерлер Гренландияга келе башташты. Бул кадам Дональд Трамптын Гренландияны АКШга кошуу зарылдыгы тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда жаралган жагдай экендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, аймакка багыты өчүрүлгөн эки "Hercules" аскердик-транспорттук учак конду.
Учактa Даниянын аскер кызматкерлери жана Франциянын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болгон. Бундесвердин алгачкы 13 жоокери жакын арада келет деп күтүлүүдө.