Гренландия үчүн таймаш: Кытай Европага эскертүү берди

АКШнын Гренландияга болгон дооматтарынан улам Европа өз эгемендиги жана евроатлантикалык багыттын ортосунда тандоо жасоого аргасыз болушу мүмкүн. Бул тууралуу кытайлык Global Times басылмасы жазды.

Макалада Гренландия Батыштын ички бекемдигин текшерген "сыноо аянтчасына" айланып калганы белгиленип, Европанын аракеттери АКШнын кысымынан качуу менен гана чектелип жатканын сынга алган. Басылманын пикиринде, эгер Европа Вашингтонго катуу жооп сөзсүз болорун сездирбесе, аралды басып алуу убакыттын гана маселеси болуп калат.

Ошондой эле Гренландиядан айрылуу Европага аймактык жоготуу гана эмес, көп уюлдуу дүйнөдө таасирдүү күч болуу мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келери айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан