АКШ Иранга мүмкүн болгон соккуларды кароо алкагында Жакынкы Чыгышка аскер күчтөрүн жөнөттү. Бул тууралуу Fox News телеканалы булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандагы кырдаалды, анын ичинде массалык нааразычылык акцияларын жакындан көзөмөлдөп жатат. Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт администрация азыркы учурда бардык мүмкүн болгон сценарийлерди карап жатканын билдирген.
Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын президенти Дональд Трампты мурдагы каталарын кайталабай, конфликттерди тынч жол менен чечүүгө чакырган.