Орусияда ушул жылы WhatsApp тиркемеси толук өчүрүлө турганы айтылды 

Орусияда ушул жылы WhatsApp тиркемеси толук өчүрүлөт. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышууда.

Андагы маалыматтарда, жылдын аягына чейин аталган тиркемени толук жабуу боюнча иштер жүргүзүлөт. Мындай чечим тиркеме Орусияда экстремисттик деп таанылган Meta компаниясына таандык экени себеп болгон.

Ал эми киберкоопсуздук боюнча эксперт Алексей Раевский Орусияда аталган тиркемеге бөгөт коюлса, колдонуучулардын буга чейинки баарлашуусу сакталарын, сакталган номерлер тиркемеде эмес, телефондо сакталгандыктан алар өчүрүлбөй турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан