Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун уулу Адам Кадыров жол кырсыгынан кийин Грозныйдагы жаңы республикалык ооруканага жаткырылган. Анын абалы оор экенин орус басылмалары жазышууда.
Бул маалыматты чечен бийлиги азырынча расмий түрдө тастыктай элек.
18 жаштагы Адам Чеченстандын коопсуздук кеңешинин катчысы. 2025-жылдын апрель айында ал Чеченстандын Ички иштер министрлигинин куратору болуп дайындалган.