Өлкөдө дагы бир жаңы банк ачылды

Өлкөдө дагы бир банк ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Улуттук банк башкармасынын 2026-жылдын 14-январындагы чечими менен "Алма Финанс Банк" жабык акционердик коомуна улуттук же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин билдирет.

"Алма Финанс Банк" 2025-жылдын 30-июлунда расмий каттоодон өткөн. Юстиция министрлигинин документтеринде банк чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлгөнү көрсөтүлгөн.

Банктын жетекчиси болуп кытайлык Ван Син дайындалган. Негиздөөчүлөрдүн арасында Кытайдын үч жараны бар: Ван Цюангань, Кан Цзяньлинь жана Лю Вэнь Чжун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан