Бүгүнкү күнгө карата жети жаран №13 округдагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Тизме:
Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.