Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Спорт ордосу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт (видео)

Бишкек шаарында Каба уулу Кожомул атындагы Спорт ордосу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында депутат Болот Сагынаев Спорт ордосунун абалы начар экендигин белгилеп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү зарылдыгын айтты.

"Олимпиадалык стандартта бассейн Спорт ордосунда эле жайгашкан. Мекеме өзүнө-өзү каржы алып келе тургандай кылып, бассейнин оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, мончосун иштетип, футбол талаасын жасап койсо. Имарат - шаардын чок ордосунда жайгашкан. Бирок абалын өзүңүздөр көрүп турасыздар",- деди депутат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Спорт ордосунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

"Аталган маселе боюнча мэрия менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Президент Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берген. Азыр планга кирип жатат. Буюрса, жакынкы арада баштап калабыз",- деди Молдажиев.

Бишкектеги Спорт ордосу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан