Биз социалдык тармакта

Журналист Эрнис Кыязов УКМКга чакыртылды

Журналист Эрнис Кыязов Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев менен болгон маектешүүдөн кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакыртылды. Бул тууралуу журналист социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, баарлашуу бир жарым саат болуп, жакшы маанайда сүйлөшүү орун алды.

УКМК кызматкерлери стабилдүүлүк болушу керектигин айтышкан. Аларга журналист ошондой эле принциптерди карманарын билдирген.

Эске сала кетсек, Сыймык Жапыкеев маегинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын "беш тыйындык окуялар" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан