Бишкектен "Манас" аэропортуна бара жаткан унаа жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Окуя тууралуу маалыматты ЖКККББнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 21-январда болжол менен саат 09:00дө катталган. Анда 20 жаштагы А.Д. аттуу айдоочу Toyota Carina үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, рулдук башкарууну жоготкон. Натыйжада унаа жолдон чыгып, даракка урунган.
"Жол кырсыгына ылдамдык режимин бузуу, унаанын жайкы дөңгөлөктө болгону жана айдоочунун мас абалы себеп болгон. Ал эми айдоочу алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда абалы оор экени айтылды",- деп билдирди башкармалык.