Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Ирандын курама командасын 15:1 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Хоккей федерациясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 18-январда Бишкек шаарында 20 жашка (U20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпиондугу башталды. Анын алкагында Кыргызстандын командасы Гонкогду 4:1 эсебинде, Түштүк Африканы 7:2 эсебинде жеңди.
U20 дүйнө чемпиондугу 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашат.