АКШдан депортацияланган Өзбекстандын 44 жараны Ташкентке келди

Кечээ, 21-январда АКШдан депортацияланган Өзбекстандын жарандары отурган кезектеги чартердик каттам Ташкент шаарына келип конду.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдиргендей, Америкада мыйзамсыз жүргөн 44 жаран мекенине кайтарылды. Бул каттам АКШнын тиешелүү мекемелери менен биргеликте уюштурулган.

Маалыматка ылайык, каттам америкалык Omni Air International чартердик авиакомпаниясына таандык Boeing 767-300 учагы менен аткарылды. Бул компания 10-октябрда да депортациялык каттамды ишке ашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан