Депутат "Эл мугалими" сыйлыгын калыбына келтирүүнү сунуштады

Өлкөдө "Кыргыз Республикасынын Эл мугалими" мамлекеттик сыйлыгын калыбына келтирүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору мугалимдин кадыр-баркын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Документке ылайык, 2001-жылы "Кыргыз Республикасынын Ардак наамдары жана Ардак грамоталары жөнүндө" мыйзамына "Кыргыз Республикасынын Эл мугалими" түшүнүгү киргизилген. Бирок 2017-жылы жаңы кабыл алынган мыйзамда бул сыйлык каралган эмес.

2001-2017-жылдар аралыгында өлкөдө "Эл мугалими" ардактуу наамы 25 адамга ыйгарылса, бүгүнкү күндө алардын 7си гана калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан