Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбеков ЦУМ, ГУМ соода борборлорунун айланасын жана жаңы курулуп жаткан "Old Bishkek" комплексиндеги жер алдындагы өтмөктү текшерди.
Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекцияга аталган жайдын абалына нааразы болгон жарандар кайрылышкан. Анда алар жаңы курулган жер алдындагы өтмөктөгү жолдор тайгалак, шарт жок экенин айтып даттанышкан.
Таалайбеков "Old Bishkek" долбоорунун өкүлдөрүнө бир нече тапшырмаларды берип, күн сайын текшерүүлөр болорун эскертип өткөн.