Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы (U-20) үчүнчү дивизиондо дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, алты улуттук курама команда катышкан турнир 18-24-январь күндөрү Бишкек шаарында өттү.
Анда Кыргызстандын курама командасы Гонконгду - 4:1, Түштүк Африка Республикасын - 7:2, Иранды - 15:1, Люксембургду - 5:3 жана Мексиканы - 7:4 эсебинде утту.
Турнирдин жыйынтыгында кыргызстандыктар мүмкүн болгон 15 упайдын баарын топтоп, үчүнчү дивизиондун В тайпасында дүйнө чемпиону болду.