Ош шаарында жубайын сабоого шектелип кармалган 31 жаштагы жаран 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан маалымдашты.
Маалым болгондой, окуя 24-январда катталган.
Айта кетсек, буга чейин Ошто күйөөсүнүн токмогуна кабылган делген келин ооруканага жаткырылганы, шектүү кармалганы боюнча маалымдалган.
Дарыгерлердин маалыматына караганда, келиндин абалы канааттандырарлык. Тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат.