Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина, Орусия жана АКШ катышкан кезектеги үч тараптуу сүйлөшүү Абу-Дабиде 4-5-февралга белгиленгенин билдирди. Бул тууралуу Зеленский социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Украина олуттуу талкууларга даяр жана анын жыйынтыгы согуштун татыктуу аякташына жакындашына кызыкдар",- деген ал.
Ал эми жолугушуу тууралуу Орусия менен АКШ тараптын өкүлдөрү маалымат беришкен эмес.
Белгилей кетсек, буга чейин январь айында Орусия, АКШ жана Украинанын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде өткөн.