MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору абоненттерге телефон чалууларда сак болууну эскертет. Айрым учурларда, алдамчылар өздөрүн оператордун кызматкерлери катары тааныштырып, SMS коддорун же жеке маалыматтарды алууга аракет кылышы мүмкүн.

Көңүл буруңуз: MEGA менен түзгөн келишимиңиз мөөнөтсүз жана узартууну талап кылбайт. SMS коддоруңузду үчүнчү жактар менен бөлүшүү номериңизге, банк колдонмолоруна жана каражаттарыңызга кирүү мүмкүнчүлүгүңүздү жоготууга алып келиши мүмкүн.
Эсиңизде болсун:
• SMS коддорду эч ким менен эч кандай шартта бөлүшпөңүз;
• MEGA компаниясынын кызматкерлери телефон аркылуу же мессенджерлер аркылуу жеке маалыматты сурабайт;
• Эгерде сизге шектүү чалуулар келип түшсө, сүйлөшүүнү токтотуп, *500 номери же расмий каналдар аркылуу MEGA колдоо кызматына кайрылыңыз.
Маалыматтарыңызды коргоңуз — коопсуздугуңуз ар дайым сиздин колуңузда.
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР