Депутат Ошто көчкүдө калган жаранды издөөдө техникага муктаждык жаралганын айтты

Бүгүн, 4-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков Оштун Кара-Кулжа районуна кар күрөй турган атайын оор техника керек экенин билдирди.

Ал район аймагындагы жайлоодо кар көчкү астында калып каза болгон жаранды мисал кылып, аны издөөдө оор техникага муктаждык болгонун айтты. Ал өкмөттөн бул маселеге көңүл бурууну суранды.

"Көчкүдө калган жарандын сөөгүн 4 күндө араң табышты. Куткаруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тугундар жүрүштү, бирок техника жок. Кара-Кулжадагы бардык техниканы топтоп барышканы менен, жол ача алышкан жок", - деди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, 31-январь күнү 37 жаштагы жаран кар көчкү алдында калган. Анын сөөгү 3-февралда табылды.


Депутап Ошто көчкүдө калган жаранды издөөдө техникага муктаждык жаралганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан