Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп Талгат Уметалиев дайындалды. Бул тууралуу 4-февралда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Тиешелүү тескемеге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Уметалиев буга чейин Финансы министрлигинин алдындагы финансылык кредиттик фондунун төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.