Депутат жөлөк пулдун суммасын көбөйтүүнү сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков 4-февралдагы парламенттин жыйынында үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулунун суммасын көбөйтүүнү сунуштады.

Эл өкүлү бул маселе боюнча жарандар тарабынан кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, жөлөк пул берүү боюнча жобону жөнөкөйлөтүү зарылдыгын билдирди.

"Жөлөк пулдун көлөмүн колдон келишинче жогорулатып, аны берүү жобосун жөнөкөйлөтүү керек. Биздин бюджет (ред.: өлкө казынасы) көтөрүлүп жатпайбы", - деди депутат.

Эске салсак, буга чейин парламентте депутат Улан Примов жөлөк пулдун суммасы аз экенин айтып, мурда бекитилген жобону кайра карап чыгуу зарылдыгын билдирген болчу.


Депутат жөлөк пулдун суммасын көбөйтүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан