Бишкекте ишкерлер мамлекеттик тилди колдонуу маселесин талкуулашты

Бүгүн, 4-февраль күнү Бишкектин Биринчи Май районунда ишкерлер менен жолугушуу өттү. Анда керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу жана тышкы жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы, райондук администрация жана президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулду. Жолугушууда ишкерлерге мамлекеттик тил боюнча талаптар түшүндүрүлүп, суроолоруна жооптор берилди.

Мындай жолугушуулар Бишкектин башка райондорунда 6-февралга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан