Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Карим Ханджеза Ош шаарындагы онкологиялык борборду жабдуу долбоорунун алкагында "AME International" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда онкологиялык борборду заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо жана модернизациялоо маселелери талкууланды. Карим Ханджеза долбоордун мамлекеттик маанисин белгилеп, анын түштүк аймактагы калк үчүн онкологиялык жардамдын сапатын жогорулатууга жана ооруну эрте аныктоого өбөлгө түзөрүн айтты.