Биз социалдык тармакта

Газа боюнча түзүлгөн Тынчтык кеңешинин жыйыны өтөрү айтылууда

Ак үй 19-февралда Вашингтондо Газа тилкеси боюнча түзүлгөн Тынчтык кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Axios басылмасы маалымат булактарына таянып жазды.

Бул Тынчтык кеңешинин алгачкы жыйыны болмокчу. Басылманын булагынын айтымында, Газа тилкесин калыбына келтирүү үчүн каражат чогултуу боюнча конференция болот. Ак үй бул жыйын Палестина анклавы үчүн тынчтык планынын экинчи этабын ишке ашырууга көмөктөшөт деп үмүттөнөт.

Эске салсак, 22-январда Швейцариянын Давос шаарында Газа тилкесин башкарууга көмөк кыла турган Тынчтык кеңеши АКШнын президенти Дональд Трамптын катышуусунда түзүлгөн. Андан мурун Вашингтон Газа тилкесин башкаруу боюнча Улуттук комитеттин түзүлгөнүн жана Тынчтык кеңешинин курамын жарыялаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан