Бүгүн 8-февралда Бишкекте токтоп турган унааны айдап качканга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Toyota Windom үлгүсүндөгү унаанын ээси саат болжол менен 11:35те 102 кызматына билдирүү жасаган. Ал унаасын жылытуу үчүн от алдырып койгон жеринен таппай калганын айткан.
Жол тескөөчүлөр тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, саат 11:42де унаа табылган. Шектүү мамлекеттик номер белгилерин чечип, белгисиз багытты көздөй бара жатканда колго түшкөн. Шектүү жана унаа Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №5 ГОМго жеткирилген. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.