Кечээ, 8-февралда Өзгөн районундагы аламан улакта 26 жаштагы жигит каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барганда аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жигит окуя болгон жерде каза болгон. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну болгон.
Бул факт каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталган. Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.