Биз социалдык тармакта

Зеленский президенттик шайлоо өткөрүү ниети жок экенин билдирди 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү ниети жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал Financial Times гезитине маек берип жатып айткан.

Анда Зеленский өлкөдө качан коопсуздук орногондо президенттик шайлоо болорун белгилеген.

"Мен 24-февралда шайлоонун жана референдум өткөрүүнүн планын жарыялоо ниети тууралуу биринчи жолу угуп жатам. Мен шайлоо тууралуу көп жолу айттым, шайлоону керектүү учурда, бардык тиешелүү коопсуздук кепилдиктери орногондо өткөрөбүз",- деген Зеленский.

Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары Зеленский 24-февралда президенттик шайлоо жана референдумду өткөрүүнүн планын жарыялоого ниеттенип жатканын жазышкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан