Биз социалдык тармакта

Кадамжайга апрель айында бышуучу өрүктүн көчөттөрү отургузулду 

Кадамжай районуна апрель айында бышуучу өрүктүн жана гиластын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 20 гектар жер жайыт түрүнөн көп жылдык бактарды тигүү жер аянтына которулуп, 19 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.
Учурда ал жердин 6,5 гектар аянтына 3 жылдан кийин 1 гектар жерден 8 тонна түшүм берүүчү өрүктүн жаңы сорттору жана 6,5 гектарына 5 жылдан кийин 1 гектар жерден 10 тонна түшүм берүүчү гиластын көчөттөрү отургузулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан