Кыргыз балбаны Акжол Махмудов болгариялык балбан Айк Мнацаканян менен беттеш өткөрөт.
Мелдеш бүгүн, 13-февралда Бишкек шаарындагы Жаштык аренасында "SUPER 4 WRESTLING" эл аралык турниринин алкагында өтөт. Таймаш Бишкек убактысы менен саат 16:00дө башталат.
Эске салсак, буга чейин эки балбан төрт жолу кез келишип, экиден жеңишке ээ болушкан.