Биз социалдык тармакта

АКШнын федералдык агенттери Миннесотадагы мигранттарга каршы операциясын аяктады

АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы Миннесота штатында мыйзамсыз мигранттарга каршы жүргүзгөн операциясын жыйынтыктап, федералдык агенттерди башка аймактарга багыттай баштады. Бул тууралуу Ак үйдүн чек ара боюнча координатору Том Хоман билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, президент Дональд Трамп бул чечимди жетишилген жыйынтыктарга байланыштуу колдогон. Иш-чаранын алкагында 4 миңге жакын мыйзамсыз мигрант кармалганы айтылды.

Ошол эле учурда ICE өкүлдөрү ооруканаларда, мектептерде жана чиркөөлөрдө кармоо жүргүзүлбөгөнүн белгилешти, бирок бул жайлар толук четтетилбейт.

Эскерте кетсек, январда Миннеаполис шаарында операцияга жана миграциялык саясатка каршы нааразылык акциялары өткөн. Миннесота губернатору Тим Уолц операциянын терс социалдык жана экономикалык кесепеттерин сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан