Биз социалдык тармакта

Баткенде жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында жер тилкелерин мыйзамсыз документтештирип сатуу фактысы аныкталып, тиешелүү кызмат адамдары кармалышты. Бул тууралуу 13-февралда облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык жер ресурстары (Кадастр) агенттигинин башкы адиси Т.М. жана анын шериги, Кадамжай районунун Т.Э. аттуу тургуну жер тилкелерине мыйзамсыз түрдө документ жасап, Т.Ж. аттуу жарандан 3 миллион 778 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алышкан.
Аталган факт милицияда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Мындан сырткары, жер сатууга байланышкан башка фактылар да аныкталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан