Бүгүн, 13-февраль саат 17:40тан тартып Бишкек–Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу "Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында күнү-түнү инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.