
Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда
кар көчкү басып калган жаранды издөө иши кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду.
ӨКМ кабарлагандай, бүгүн, 13-февралда жалпы 24 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүштү. Натыйжада 10 баш койдун тарпы табылган. Азырынча жаран табыла элек.
Куткаруучулар көчкү түшкөн аймактан 5 чакырым ылдый чабандардын үйүндө түнөккө калышат. 14-февраль күнү издөө иштери улантылат.