Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлиги мигранттардын эмгек акысын алууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Кыргыз жарандарына эмгек акысын алууга жардам берди. Бул тууралуу мекеме 13-февралда маалымат таратты.
Маалым болгондой, СК «Орион» ЖЧКсы тарабынан эмгек акысы төлөнбөгөндүгү боюнча алты Кыргыз жаранынан кайрылуу түшкөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде аталган жарандарга жалпы суммасы 900 000 рубль өлчөмүндөгү жарым-жартылай эмгек акылары кайтарылып берилди. Ошондой эле «УК АСК Групп» ЖЧКда эмгектенген 66 кыргызстандык жаранга 884 228 рубль өлчөмүндөгү калган эмгек акыларын өндүрүп алууда көмөк көрсөтүлдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан