Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылында калың жааган кардан улам урап калган спорт аянтчасы боюнча SUPER.KG порталына комментарий берди.
Билдирүүгө таянсак, 2021-жылы объекттин курулушу башталып, ал 2025-жылы пайдаланууга берилген.
"Жалал-Абад аймактык мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгынын тийиштүү актсынын негизинде 2025-жылдын ноябрь айында Каныш-Кыя айылына курулган жабык кичи футбол аятчасы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген.
Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан тендер жарыяланып, объект "Талды-Булак" ЖЧКсы тарабынан 11 667 148 миң сомго бүткөрүлгөн. Анын курулушу 2021-жылы башталып, 2025-жылы пайдаланууга берилген", - деп айтылат маалыматта.