Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Эльдар Жакыпбеков кармалганы айтылууда. Бул тууралуу "Кактус.медиа" сайты укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.
Азырынча иштин чоо-жайы айтыла элек.
Буга чейин Элдар Жакыпбеков кызматтан алынганын бир катар жергиликтүү басылмалар жазып чыгышкан. Кечээ, 14-февралда Жакыпбековдун ордуна ИММдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Улан Бийбосунов дайындалганы айтылган.
Эске салсак, 10-февралда Эльдар Жакыпбековдун кармалганы боюнча маалымат тарап, УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты төгүндөгөн болчу.