Болот Жусупбеков жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Айта кетсек, бүгүн, 16-фералда Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан алынып, Акыл Токтобаев министрдин милдетин аткаруучу болуп бекитилди.