Сот БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Бишкектин административдик соту БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырганын айтты.

Ал бул тууралуу бүгүн, 16-февралдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында билдирди. Шайназаровдун айтымында, чечимге каршы арызды сотко талапкер Базарбаев жазган. Административдик сот бүгүн саат 2де арызды караган.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 13-февралдагы жыйынында №13 көп мандаттуу шайлоо округунда мурда жокко чыгарылган шайлоонун жыйынтыгын кайра карап чыгып, шайлоону өттү деп тааныган.

№13 округ боюнча эмнелер белгилүү? Бул жерден окуңуз.

Сот БШКнын №13 округ боюнча чыгарган чечимин күчүндө калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан