Бүгүн, 16-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын самбо боюнча чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештин ачылуу аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бузурман Багышбеков, спортчулар жана бир катар өкүлдөр катышты.
Биринчи күнү 58, 71, 88 жана 98 килограмм салмак чениндеги спортчулар күч сынашат.
Чемпиондук 19-февралга чейин уланат.