"Оскар" сыйлыгынын ээси, америкалык актёр Роберт Дюваль 95 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, мындай кабарды актёрдун жубайы Лусиана Дюваль жекшемби күнү жарыялаган. Маркумдун жакындары расмий эскерүү кечеси болбой турганын билдирген.
Роберт Дуваль 1984-жылы "Нежное милосердие" тасмасында музыканттын ролун аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган. Мындан тышкары, Дюваль алты жолу "Оскар" сыйлыгынын наминацияларына ээ болгон.