Биз социалдык тармакта

АКШда хоккей оюну учурунда атылган октон 3 адам каза болду (видео)

АКШнын Род-Айленд штатындагы аренада өтүп жаткан хоккей оюну учурунда ок атуу болуп, үч адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтарга караганда, окуя мектептер аралык хоккей оюну учурунда орун алган. Оюн өтүп жаткан учурда аренада окуучулар менен ата-энелер болгон. Жергиликтүү полиция кызматкерлери ок атуу тууралуу маалымат берип, кырсыктан үч адам каза болгонун, дагы үч жарандын абалы оор экенин билдирген.

Окуяга байланыштуу Род-Айленддин губернатору дагы үн катып, жергиликтүү укук коргоо органдары менен кызматташып жатканын билдирип, кырсыкка кабылгандардын баарына көңүл айткан.

Ал эми ок чыгарган адам дагы окуя болгон жерден каза тапкан.

АКШ да хоккей оюну учурда атылган октон 3 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан