Эл аралык электр байланыш союзу Кытайдан 2030-жылга чейин 203 миң спутникти төмөнкү орбитага чыгаруу долбоору тууралуу билдирүү алганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мындай план ишке ашырылса, спутниктер америкалык миллиардер Илон Масктын долбоорлорунан 20 эсеге ашыктык кылат. Бирок эксперттер муну реалдуу кеңейүү эмес, тескерисинче, Илон Масктын долбооруна атаандаштык жана тоскоолдук жаратуу аракети катары баалашууда.
Учурда SpaceX компаниясынын Starlink тармагында орбитада болжол менен 10 миң спутник бар. Кытайдын чоң көлөмдөгү долбоору башка өлкөлөр үчүн жөнгө салуучу чектөөлөрдү жаратышы мүмкүн экени айтылды.